Кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө жана көптөгөн бодо малдарга ээлик кылганы айтылды.
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГКНБ КР
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.
Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.