Ысык-Көлдө унаа бакты сүзүп, бир аял каза тапты. Жеринен тартылган сүрөт

25 января 2021 Ысык-Көлдө унаа бакты сүзүп, бир аял каза тапты. Жеринен тартылган сүрөт

Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Унаа ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон.

Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кечээ, 24-январда, Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти

Жол кырсыгы Каракол — Бишкек унаа жолунда, Түп районундагы Күрмөнтү айылынан анча алыс эмес жерде болгон.

"Mercedes-Benz Sprinter жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду”, — деп айтылат маалыматта.

Жаракат алган жети киши тийиштүү жардам алып жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала реанимацияда болсо, калгандары палатада.

sputnik