Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат

25 января 2021 Анжелика менен кызы реанимацияда. Кичүү кызына бүгүн операция жасалат

Ырчы Анжелика жана анын кызы, экөө тең, Бишкек шаарындагы  оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ырчы Анжелика Кайратованын 5 жашар кызы кечээ, 24-январда, Тоң райондук ооруканасынан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын маалымат катчысы Назгүл Курамаева билдирди.

Анын айтымында, беш жаштагы Бекболиева учурда жандандыруу бөлүмүндө.

"Кыздын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып кеткен. Бүгүн операция жасоо пландалууда. Абалы оор", — деди Курамаева.

Ал ырчы Анжелика Кайратованын абалы орточо оор экенин айтып, учурда реанимацияда жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, ырчынын өзүнө ушул эле ооруканадан кечээ шашылыш операция жасалып, анын жабыркаган омурткалары калыбына келтирилген.

Эске салсак, ырчы 23-январдын таңында кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден анын 5 жашар кызы жабыркаганы айтылган.

sputnik