"Спутник V" вакцинасын кайсы оорусу барлар этияттык менен алышы керек? Инструкция

25 января 2021 "Спутник V" вакцинасын кайсы оорусу барлар этияттык менен алышы керек? Инструкция

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын 2020-жылдын август айында каттоого алган.

"Гам-КОВИД-Вак" вакцинасын колдонуудагы инструкциянын жаңы редакциясында "Спутник V" вакцинасын рак оорусу бар бейтаптар өтө этияттык менен алышы керектиги жазылган. Документ РИА Новостиге жарыяланган.

Мындай алдын алуу препараттын онкологиялык ооруларга карата таасири боюнча маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүлгөн.

"Эмдөө боюнча маалыматтын жетишсиздиги аутоиммундук патологиясы барларды жана рак илдетине кабылгандарды тобокелчиликке салышы ыктымал", — деп жазылат инструкцияда.

Белгилей кетсек, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын 2020-жылдын август айында каттоого алган. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея улуттук борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.

Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы дүйнөдө биринчи болуп эсептелет. Белгилей кетсек, "Гам-КОВИД-Вак" деген аталыштагы россиялык вакцина кийин "Спутник V" деп өзгөртүлгөн.

sputnik