Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши

25 января 2021 Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши

Эгер аял киши коронавируска каршы эмделсе, анда жарым жылга чейин бойго бүтүрбөө сунушталат. Ал эми аял кош бойлуу болсо, эмдөөдөн баш тартканы оң.

ДССУ адиси Любовь Ерофеева коронавирус жүрүп жаткан учурда балалуу болууну каалагандар эмнени эске алуусу керектигин Sputnik радиосуна маек берип жатып айтты. 

Адистин айтымында, эгер аял киши коронавируска каршы эмделсе, анда жарым жылга чейин бойго бүтүрбөө сунушталат. А эгерде аял кош бойлуу болсо, эмдөөдөн баш тартканы оң.

"Кош бойлуу аял эч качан вакцина албайт. Бул эне, баланын экөөнүн тең ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат. Эгер эмделген аял балалуу болууну пландап жатса, анда акушер-гинеколог менен кеңешип, жок дегенде алты айга чейин баланы пландабай кое турганы жакшы", — деди Ерофеева.

Адис балалуу болууну каалагандар коронавирус менен ооруган учурда да антителого анализ тапшырып коюшу керек дейт.

"Көпчүлүк коронавирустун жеңил формасы менен ооруп, иммунитет 3-6 айга чейин эле жетиши ыктымал. Бойго бүтүрүүнүн алдында антителого анализ тапшырып, ал канчага чейин организмди вирустан коргой турарын текшертип алууну сунуштайм", — деди адис.

Пандемия учурунда боюнда бар келиндер көпчүлүк менен байланышта болууну азайтуу керектиги да белгиленген.

"Сырткы чыкканда көпчүлүк менен байланышты азайтуу кажет. Коомдук жайларга, медициналык мекемелерге барганды болушунча кыскартыш керек. Бирок бойго бүтөрү менен дарыгер-акушер-гинекологдун көзөмөлүндө болуу сунушталат", — деди ДССУ адиси.

Төрөйм деген аялдар эмдөөнү канчалык эрте алса, алар ымыркайды ошончо эрте  пландай ала турганын адис кошумчалаган.

sputnik