Конституция боюнча референдумду коомдук талкуусуз үч окуудан өткөрүү сунушталды

22 января 2021 Конституция боюнча референдумду коомдук талкуусуз үч окуудан өткөрүү сунушталды

Мыйзам долбоору боюнча маалым катта 10-январда президенттик башкаруу формасын тандаган кыргызстандыктар эми Баш мыйзамды өзгөртүшү керектиги айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Бакытбек Турусбеков жана Умбетаалы Кыдыралиев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну сунуштады. Бул демилге боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору тууралуу маалым катта 10-январда президенттик башкаруу формасын тандаган кыргызстандыктар эми Башкы мыйзамды өзгөртүшү керектиги айтылат.

Демилгечилер азыркы саясий кырдаалды көпкө создуктурбай референдумду жарыялоо боюнча процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүшү керек деп эсептейт. Ошол себептүү референдум боюнча мыйзам долбоорун үч окуудан тең бир күндө өткөрүү сунушталууда.

Ошондой эле бул мыйзам долбоорлору Конституциядан алынып дээрлик өзгөртүлбөгөндүктөн, коомдук талкуусуз эле өткөрүп ийүү туура экени айтылды.

sputnik