СOVID-19га каршы вакцина жасаган, спортту эзген. КРде туулуп, чет жакта жылдызы жангандар

20 января 2021 СOVID-19га каршы вакцина жасаган, спортту эзген. КРде туулуп, чет жакта жылдызы жангандар

Кыргызстанда төрөлгөн Денис Логунов COVID-19га каршы дүйнөдө биринчи түзүлгөн россиялык вакциналардын бири "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү экени белгилүү болду.

Sputnik агенттиги Кыргызстанда туулуп, кийин чет мамлекеттерге көчүп кетип, азыр аты таанылган адамдарды тизмектеди.

Денис Логунов

© SPUTNIK / РАМИЛЬ СИТДИКОВ

Кыргызстанда төрөлгөн Денис Логунов (солдо) COVID-19га "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү экени белгилүү болду

Жергиликтүү ЖМКлардын көбү коронавирустан коргогон дүйнөдөгү алгачкы "Спутник V" вакцинасынын түзүүчүсү Денис Логунов Кыргызстанда туулганын жазышууда.

Маалыматтарга караганда, Логунов 1978-жылы 13-октябрда Фрунзе шаарында туулган. 43 жашында Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болууга жетишкен. Учурда ал Гамалея атындагы илимий борбордо директордун орун басары, клеткалык микробиология лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.

Виталий Кличко

© SPUTNIK / СТРИНГЕР

Белгилүү украин спортчусу Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган

Белгилүү украин спортчусу да биздин жердеш. Ал Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган. Профессионалдык бокс боюнча WBO версиясында дүйнө чемпиону болгон. Азыр саясат менен алектенип, Киев шаарын башкарып келет.

Светлана Назаренко

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ

"Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко Бишкекте туулган

"Город 312" тобун кимдер гана билбейт. Аталышы да жөн жерден эмес, 312 — Бишкектин эл аралык телефондук коду. Топтун башкы солисти Светлана Назаренко 1970-жылы 17-октябрда Бишкекте туулган. Москвада жашаган ырчы мекениндеги концерттик иш-чараларга келип турат.

Эже-сиңди Шевченколор

© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО ВАЛЕНТИНОЙ ШЕВЧЕНКО

UFC чемпиону жана мушкери Валентина менен Антонина Шечвенчолор мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат

Аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко менен ушул лиганын спортчусу, эжеси Антонина Шевченко да Бишкекте төрөлгөнүн билебиз. Учурда АКШда турушат. Алар мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат.

Жаннат Керимбаев

"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу. Башында КВНге аралашып жүрүп, кийин азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана дагы бир КВНчи Василий Куценко үчөө Россиянын телеканалдарында эмгектенишкен. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдап, "Кухня" сериалынын сценарийин жазып жүрүп, кыргызстандык Айнуранын образынын пайда болушуна себепкер болгон.

Илзат Ахметов

© SPUTNIK / АЛЕКСЕЙ ФИЛИППОВ

Футбол дүйнөсүнүн белгилүү оюнчусу, Россиянын курама командасында ойногон Илзат Ахметов Бишкекте төрөлгөн.

Илзат Ахметов Бишкекте төрөлүп, "Алга" футбол командасында тарбияланган. Учурда москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына кошулган.

Ахметов Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун тобуна кирет.

Михаил Швыдкой

© SPUTNIK / ЕВГЕНИЙ ОДИНОКОВ

Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Кант шаарында төрөлгөн

Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, медиаменеджер, коомдук жана маданий ишмер Михаил Швыдкой Кант шаарында төрөлгөн. Ал иш сапары менен Кыргызстанга келип турат.

Татьяна Колпакова

© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

Аламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып берген

Аламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып келип берген. Ал 90-жылдары Бишкекте машыктыруучу болуп иштеген. Бир топ жылдан бери Колпакова Россияда турат, бирок туулган жерин, Кыргызстанды эстен чыгарбайт. Былтыр Бишкекке келгенинде өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен кезиккен.

Геннадий Онищенко

© SPUTNIK / ВЛАДИМИР ФЕДОРЕНКО

Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко Оштун Чаңгыр-Таш айылынан болот

Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун (Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубатчылыгы боюнча федералдык кызмат) мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко да жердешибиз экенин билгендер аз чыгар. Ал 1950-жылы 21-октябрда Ош облусунун Чаңгыр-Таш айылында туулган.

Талант Дүйшөбаев

© AFP 2021 / JAVIER SORIANO

Испаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү

Испаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү. Ал 2000-жылы эл аралык федерациянын версиясы боюнча ХХ кылымдагы эң мыкты гандбол оюнчуларынын бири деп таанылган.

Юлия Ахмедова

Сатиралык жанрдагы россиялык актриса, КВН командасынын продюсери, Stand Up шоусунун мурдагы катышуучусу Юлия Ахмедова Бишкектин четинде жайгашкан Кант шаарынан. Маектеринде да балалыгы Кыргызстанда өткөнүн айтканды унутпайт.

Андрей Курнявка

Бокс боюнча Евпопанын, дүйнөнүн чемпиону, СССРдин спорт чебери Андрей Курнявка да фрунзелик. Кийин Россиянын жарандыгын алган. Ал рингде 350 беттеш өткөрүп, анын 150сүн нокаут менен жеңген.

Салижан Шарипов

© AFP 2021 / TONY RANZE

Кыргызстан менен Россиянын баатыры наамын алган космонавт Салижан Шарипов Өзгөн районунда төрөлгөн

Кыргызстан менен Россиянын баатыры наамын алган Салижан Шариповду укканда дароо көзүбүзгө космонавт элестейт. Кыргыздын алгачкы космонавты Ош облусунун Өзгөн районунда 1964-жылы 24-августта төрөлгөн.

Дмитрий Бивол

© AP PHOTO / MEL EVANS

Профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Токмоктон болот

Профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, Россиядагы жана Америкадагы беделдүү турнирлердин жеңүүчүсү Дмитрий Бивол Токмоктон болот. 2017-жылы Биволду ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган.

Азиз Бейшеналиев

© ФОТО / ИЛЬЯ НАЗАРЕНКО

Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдоп, Россияда жана Казакстанда карьерасын улантууда

Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдогон. Анын аты Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Казакстанда өзгөчө таанымал. Анткен менен ушул тапта Россиянын кино тармагында өз ордун таап, "Лектор", "Дом на Озерной", "Дворик", "Судьба на выбор", "Снайперы: Любовь под прицелом" сыяктуу тасмаларга тартылган. Актер 2015-жылы өзүн режиссер катары сынап көрүү максатында Москвадан Алматы шаарына көчүп кеткен.

Юрий Мельниченко

© AP PHOTO / MICHEL PROBST

Жалал-Абаддык балбан Юрий Мельниченкон өлкөдө ага колдоо жок болгондуктан Казакстандын туусун көтөрүп, Олимпиада оюндарынан алтын алып берген

Жалал-Абад шаарында туулган Юрий Мельниченконун ысымы 1990-жылы эл аралык аренада "дүңк" эле дей түшкөн. Ал жаштар арасына дүйнө чемпиону аталып, Венгрияда, Израилде, Францияда өткөн эл аралык мелдештерде байге алып келген. Бирок өлкөдө ага колдоо жок болгондуктан Казакстандын туусун көтөрүп, олимпиада оюндарынан алтын алып берген.

Василий Куценко

SPUTNIK

Россиянын КВН оюнчусу, сценарист Василий Куценко таластык жигиттердин бири

Россиянын КВН оюнчусу, "Кухня" аттуу белгилүү сериалдын авторлорунун бири, көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору Василий Куценко таластык жигиттердин бири.

sputnik