Саясатчы "акыркы жылдары жаңы согуштарды баштабаган биринчи президент" бойдон кетип баратканын белгилеген.
АКШ президенти Дональд Трамп мамлекет башчысы катары кайрылуу жасап, коштошуу сөзүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости Ак үйдүн маалымат кызматына таянып билдирди.
Трамптын айтымында, ал журт башчысы катары "Америка бийлиги эл алдында жоопкерчиликтүү деген жакшы бир идеяны" ырастап кетип баратат.
"Биз жасаш керек деген нерсенин бардыгын жасадык. Жадагалса андан да көбүрөөк аткардык", — деген Трамп.
Саясатчы "акыркы жылдары жаңы согуштарды баштабаган биринчи президент" болгонун белгилеген.
Ошондой эле өзүнөн кийинки мамлекет башчысы Байдендин администрациясынын мамлекеттин гүлдөп өсүүсүнө салым кошушуна, улуттук коопсуздукту камсыз кылышына ийгиликтерди каалаган.
Ал эми Меланья Трамп элге кайрылып жатып америкалыктарды зомбулуктан баш тартууга чакырды. Андан тышкары, коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө салым кошкон медиктерге ыраазычылыгын айтып, оорудан көз жумгандардын аза кайгысын тең бөлүшөрүн белгиледи.
Дональд Трамп Вашингтондон Жо Байдендин инаугурациясына 4 саат калганда кетерин билдирди. Иш-чара түшкө пландаштырылса, Трамп жубайы менен саат сегизде Флоридага сапар тартышат.