Адис майонезден баш тартууну сунуштады. Себептери

20 января 2021 Адис майонезден баш тартууну сунуштады. Себептери

Сизова өтүндө ташы барларга жана уйку безинен жабыркап жүргөндөргө дагы бул азыкты сунуштаган эмес. Анткени майонез ооруну ырбатып, панкреатитке алып келе турганын белгилеген.

Дарыгер-диетолог Ольга Сизова майонездин организмге тийгизген терс таасири тууралуу айтып, андан баш тартуу себептерин санап берген. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Сизованын айтымында, майонез өтө майлуу азыкка кирет. Маселен, бир чоң кашык майонез 20 пайыздуу каймактан эки эсе майлуу.

Дарыгер-диетолог майонез ашыкча салмактан жабыркап жүргөндөргө жана зат алмашуусу бузулгандарга өтө зыян экенин эскерткен.

"Салаттардын көбүн майлуу эмес йогурт, каймак же бальзам уксусу менен аралаштырса болот. Эгер арыктайм деп жатсаңыз, анда камырга майонез кошпой эле койгон оң", — деген адис.

Сизова өтүндө ташы барларга жана уйку безинен жабыркап жүргөндөргө дагы бул азыкты сунуштаган эмес. Анткени майонез ооруну ырбатып, панкреатит дартына алып келе турганын белгилеген.

"Майонез боордун иштөөсүн да бузушу ыктымал. Айрыкча, 50 жаштан өткөндөр майлуу тамактарга чектөө киргизгени жакшы. Майлуулугу көп тамакты (анын ичинде майонез дагы бар) жесе, улгайган адамдардын боорунда көйгөй жаралышы мүмкүн", — деди диетолог.

Дарыгер ашказан, ичеги оорусу барларга уксус менен майонезди азыраак колдонууну сунуштаган. Анткени кычкыл менен май ашказандын былжырына терс таасир тийгизет.

sputnik