Министрлик жогорку инстанцияга 30 күндүн ичинде кайрылуу укугу бар болчу. Арадан 28 күн өткөндөн кийин даттануу түшкөн.
Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директору кызматын кайтарып алуу боюнча соттун чечими күчүн жоготтту. Бул туурасында анын арызын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Буга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Бишкек шаардык сотуна даттанганы себеп болду.
Министрлик райондук соттун чечимине макул болбой, соттогу ишенимдүү өкүл мурдагы министр тарабынан бекитилгенин жана иштен эки жылдан кийин каралганы мыйзамыз болгонун жүйө келтирген.
"Министрликтин өкүлү берилген ишеним катка ылайык, доону моюнга алууга укугу болгон. Ошондой эле бул ишеним кат чакыртып алынып же жокко чыгарылган эмес. Ошол себептен 2020-жылдын 17-декабрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Самара Каримованын доо арызы канааттандырылган. Ал эми жогорку инстанцияга 30 күндүн ичинде кайрылуу тараптардын укугу бар болчу. 15-январда Маданият миинистрлиги доо арыз менен даттанды", — деп айтылат маалыматта.
Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу райондук соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире электиги белгиленет.
Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин буздуруп кирген.
Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.
Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.
Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.