Калаа башчысы Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону айтылды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди жана шаар бийлигинин башка тийиштүү өкүлдөрүн кызматтан алуу тууралуу сунушун президентке жолдомой болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Буга Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы, Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болгону айтылды.
Маалыматка ылайык, бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө берилмек. Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылган.
“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын Мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу Өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат”, — деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун берди.
Ал эми Рыскелди Момбеков курулуш тармагындагы бардык коррупциялык схемалар мэрияда орун алып жатканын сынга алды.
“Мыйзам боюнча мэрди чакырганга биздин укугубуз бар. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты. Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, — деди Момбеков.
Жыйын соңунда тармактык комитеттин депутаттары курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо жана шаар бийлигине чара көрүү чечимин кабыл алды.