Бүгүнкү күндө ар бир экинчи адамда баш оору кездешет. Баштын оорушуна ар түрдүү себептер бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда дарыгерге кайрылган үч оорулунун бүрөөсү неврологго жазылат.
Баш ооруну басуу үчүн дары ичүүгө болот. Бирок, бир ооруну дарылайм деп, экинчи органга терс таасирин тийгизип алышыңыз мүмкүн. Эгер сизде да баш оору кыйнаса, үй шартында бул 4 ыкма менен дарылоого мүмкүн.
Баш ооруну үй шартында төмөнкү 4 жол менен дарылоого болот
1. Кызыл калемпир
Курамындагы капсаицин заты ооруксунтууну баса турган табигый “дары”. Кызыл калемпир денени ысытып, организмдеги вирус менен бактерияны жок кылат. Аябай тердетип, инфекциянын өрчүшүнө жол бербейт. Эгер башыңыз ооруй баштаса, ар тамакка кызыл калемпир кошуп ичиңиз. Калемпирди күн сайын колдоно турган болсоңуз, сизди баш оору кыйнабайт.
2. Имбирь
Үзгүлтүксүз имбирь керектеген адамдардын башы оорубайт. Кан тамыр ооруларын басып, мээдеги кан айланууну жөнгө салат. Имбирь ички организмдеги ооруну баскан антиоксидантка бай. Андан тышкары, баш ооруну да токтото турган касиетке ээ.
3. Жалбыз
Денеңизди балкытып, тынчтандырат. Ооруну басып, уйкуңузду келтирет. Айрыкча эртеден кечке көп иштеп чарчаган болсоңуз же ачууланып, нерв чыңалып турса, анда уктаар алдында 1 чыны жалбыз кошулган чай ичиңиз. Эрте менен баары ойдогудай керемет болот.
4. Суу
Кан айлануунун начарлоосу менен мээнин туура иштебөөсүнө суунун таасири чоң. Бул эки учурга организмдин суусашы себеп болот. Ошондой эле, жалпы организдин иштөө жөндөмү начарлайт. Суу жетишсиздигинен мээ, нерв, боор, бөйрөк, ашказан туура иштебейт. Ал тургай, денеңизди алсыздык бийлеп, кан басымыңыз жогорулайт. Дем алууңуз начарлап, активдүүлүк төмөндөйт. Ошондуктан, күнүнө 2-3 стакан суу ичүүнү адатка айландырыңыз. Ал эми күнүнө 2 литрге чейин суу ичкен адамдын башы эч качан оорубайт.