Коронавирус жылдардын өтүшү менен кантип өзгөрөт

14 января 2021 Коронавирус жылдардын өтүшү менен кантип өзгөрөт

Адистин айтымында, бир нече жыл өткөндөн кийин коронавирус адамдарга бала кезинде эле жугуп, болгону мурун бүткөн сыяктуу өтө жеңил формада өтөт.

Коронавирус ондогон жылдардан кийин кантип өзгөрүп, адам баласына кандай таасир этерин Атлантадагы Эмори университетинин (АКШ) окумуштуулары изилдеп чыкты. Жыйынтыгын Science илимий журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бир нече жыл өткөндөн кийин коронавирус адамдарга бала кезинде эле жугуп, болгону мурун бүткөн сыяктуу өтө жеңил формада өтөт.

"Бөбөктөр ага 3-5 жаш аралыгында кабылышат дагы, өмүр бою иммунитет калыптанат. Кийин жуктуруп алса дагы жеңил формада же билинбей жүрүп сакайып кетет. Жадагалса ага каршы эмдөө алуунун зарылдыгы болбойт", — деп айтылат кабарда.

Бирок вирусту андай алсыз абалга жеткирүү үчүн азыр массалык түрдө вакцина алуу маанилүү экени кошумчаланды.

sputnik