Түркиянын Байрамозу айылында 24 жаштагы кызды туугандары жакын тууган агасы менен диний никеге турууга мажбурлашкан. Бирок, той башталып, эл тамак-ашка келгенде кыз өзүнүн сүйүктүүсү менен качып кетет, деп Daily Mail басылмасы жазат
Түгөйлөр жаңы жылды шаарда тосушат. Ошол учурда аларга жолугуп калган кыздын тууганы аны ата-энеси кечиргенин айтып, үйгө элдешүү үчүн келгиле деп, алдап чакырат. Ал эми кыздын ата-энесинин үйүнө барышканда кыз-жигит зордук-зомбулукка кабылып, бычакталып, каза болушат. Жигиттин зордукталганы да айтылат. Алардын денеси айыл сыртына көмүлгөнү белгилүү болгон.
Полиция кыздын туугандарын кармады, алар кылган кылмышын моюндарына алышып, өлүктү кайда жашырганына чейин айтып беришкен. Түгөйлөрдүн денелери табылгандан кийин кыздын атасы, агасы, кызды мажбурлап жубайлыкка алмак болгон агасы жана ушул кылмышка катыштуу дагы эки тууганы камакка алынды.