12 января 2021
Укук коргоо органдары аял өз өмүрүнө кол салган деп болжолдоп жатат. Экспертиза дайындалып, өлүмдүн бардык жагдайлары аныкталууда.
Каракол шаарында облустук телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБ тастыктады.
Милициянын билдиришинче, анын сөөгү 12-январга караган түнү табылган. 30 жаштагы келиндин каза болгону тууралуу билдирүү укук коргоо органдарына шаардык Тез жардам башкармалыгынан түшкөн.
Милиция аял өз өмүрүнө кол салган деп болжолдоп жатат. Экспертиза дайындалып, өлүмдүн бардык жагдайлары аныкталууда.
ИИБ телеканалдын кызматкери үч баланы тарбиялап келгени кошумчалады.