Таратылган кабарда Сайпидинов спорт зал курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир миллион сомду негизсиз короткону айтылат.
Атайын кызмат тарабынан Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда.
УКМКнын билдиришинче, Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы бир миллион сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле Сайпидинов аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай эксплуатацияга берүүгө макул болгон.
Мындан сырткары, Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы туурасында сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат. Бул иш боюнча Сайпидинов күбө катары сурак берүүдө.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Буга чейин чекисттер анын үйүн, жумуш ордун тинткен. Андан соң ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен да жолуккан.