Жыт сезбей калуу Паркинсон оорусунун да белгиси болушу мүмкүндүгү айтылды

12 января 2021 Жыт сезбей калуу Паркинсон оорусунун да белгиси болушу мүмкүндүгү айтылды

Паркинсон илдети айыккыс дарт. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатканга гана жардам бере алат.

Окумуштуулар жыт билбей калуу Паркинсон оорусунун баштапкы белгиси болушу мүмкүндүгүн аныктаганын Express басылмасы жазды.

Паркинсон фондунун маалыматы боюнча, бул ооруга кабылгандар калтырап-титиреп калганга чейинки жылдарда алар маалы менен жыт билбей калып жатышкан. Кээде мындай симптом Паркинсон оорусунун диагнозу коюлганга чейинки 10 жылда байкалары айтылат.

Изилдөө көрсөткөндөй, Паркинсон дартына кабылгандардын 90 пайызы жытты жакшы сезбейт.

Учурда аталган илдет айыккыс болуп эсептелет. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатууга гана жардам берип келишет.

Буга чейин дарыгер адам жытты коронавируска кабылганда, мурун көңдөйүнө суук тийгизгенде, курч же өнөкөт ринитте жана башка дем алуу органдарынын ооруларында сезбей каларын айткан.

sputnik