Жогорку сот УКМК Конституциянын 26-беренесинде көрсөтүлгөн күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын эскертти.
Жогорку сот судьяны мыйзамсыз баюуга айыптаган УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Буга чейин УКМК Жогорку соттун Б.Д.С. аттуу судьясынын 20 элиталык турак жайы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаты жана люкс класстагы бир канча автоунаасы бар экенин аныктаган. Аны мыйзамсыз баюу беренеси менен айыптап, кылмыштуу кирешесин жашырып келгенин айткан. Мындан сырткары, судья жакын туугандары көптөгөн өлкөлөргө тынымсыз саякаттап турары жазылган.
Жогорку соттун маалымат кызматы УКМК пресс-релиз таратуу менен Конституциянын 26-беренесинде көрсөтүлгөн күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын эскертет.
"Судья өзү ээлик кылган жана ижарага алып иштеткен кыймылсыз мүлктүн баары декларацияда жазылган. Анын өзүнүн да, туугандарынын да Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлкү жок. Көрсөтүлгөн объектилердин көбүнүн судьяга тиешеси жок. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүгө чыкканда чет өлкөгө барууга чама-чаркы жетет. Жеткиликтүү баадагы турлар бар", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, УКМК жарыялаган өлкөлөрдүн кээ бирине судья эс алууга эмес, иш сапар менен барганы белгиленген.
Ошондой эле Жогорку сот мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына чет өлкөгө чыгып жатат деген кепти коомчулукка таңуулоо туура эмес экенин кошумчалады.