Бишкекте парламентттик башкаруу формасын жактагандар акцияга чыгышты

8 января 2021 Бишкекте парламентттик башкаруу формасын жактагандар акцияга чыгышты

Акцияга чыккандар мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча 10-январда өтө турган референдумда элди парламентаризмди колдоп добуш берүүгө чакырышты.

Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында парламентаризмди колдогон акция өттү. 50дөн ашык адам катышкан бул акцияга укук коргоочулар, активисттер жана парламент депутаты Дастан Бекешев катышты.

Катышуучулар парламенттик башкарууну колдогон жазууларды колдоруна кармап алышып, мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумда парламенттик башкарууну колдоп добуш берүүгө чакырышты.

Алардын айтымында, Кыргызстан үчүн эң ылайыктуу башкаруу формасы – бул парламентаризм. Чогулгандар "парламентаризм өзүн актаган жок" деген пикир менен макул эместигин билдиришип, парламенттик системага карабай иш жүзүндө президенттер бийликти колуна топтоп алганын айтышты.

5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул күнү мамлекетти башкаруу формасын аныктаган референдум дагы болот.

sputnik