УКМК кечээ президенттикке талапкерлердин биринин аялы чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткени аныкталганын кабарлаган.
Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы алдамчылыкка шектелип жаткан жок. Бул туурасында талапкердин адвокаты Таалайгүл Токтакунова Facebook баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, УКМК кечээ расмий маалымат таратып, президенттикке талапкерлердин биринин аялы У.К. чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткени аныкталганын билдирген. Ал каражатты 2017-2018-жылдары А.О. аттуу аялдан чогуу бизнес кылабыз деп алып кайтарбай койгону айтылган.
Кийинчерээк айрым ЖМКлар алдамчылыкка шектелген аял Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова экенин жазган.
Асановдун адвокаты Үсөнканова "өтө чоң шылуун" экенин ЖМКлардан угуп жатканын таң калуу менен билдирди.
"Биринчиден, ал (Күлнара Үсөнканова — ред.) бүгүнкү күндө шектүү деп таанылган эмес. Экинчиден, Кой-Таш окуясынан кийин укук коргоо органдарына тынбай каттап жатат. Ага эмне деген гана күнөөлөрдү коюуга аракет кылышкан жок, "Бастилияны басып алды" деп айыптоо гана калды. Жубайы эле эмес, жалгыз уулу да атасынын ишмердүүлүгү үчүн түйшүк тартууда", — деди Токтакунова.
Ошондой эле адвокат ал генералдын жубайы экенин айтып, баарына чыдай турганын белгиледи.