50 тыйындык купюра аукциондо 3,8 миң рублге бааланууда. Себеби

8 января 2021 50 тыйындык купюра аукциондо 3,8 миң рублге бааланууда. Себеби

Чет элдик интернет-аукционго 50 тыйындык купюранын 1993-жылдагы үлгүсү коюлду. Анын баштапкы баасы 4 миң сомдон ашат.

Россиядагы "Мешок" интернет-аукционуна 50 тыйындык купюра коюлду. Ал 1993-жылы чыгарылган үлгүдө экени порталда жазылган.

Банкнотанын баштапкы наркы 3,8 миң рубль (4,3 миң сом) деп көрсөтүлгөн.

Сатуучу белгилегендей, бул алмаштыруучу сериядагы купюра, ал жараксыз банкнотторду алмаштыруу үчүн колдонулат. Булардын катар номерлери ар башка болот. Учурда ал 01/ZT сериясына ээ.

Мындай банкноталардын жүгүртүлүшү азыраак болгондуктан коллекционерлер арасында жогору бааланат.

sputnik