УКМКнын билдиришинче, У.К. аттуу аял 2017-2018-жылдары чет элдик инвестордон чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып, азыр аны кайтарбай жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттикке талапкерлердин биринин аялы У.К. чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткенин аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, У.К. аттуу аял 2017-2018-жылдары А.О. аттуу башка аялдан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып, азыр аны кайтарбай жатат.
"Белгилей кетсек, алданып калган жаран чет элдик инвестор болгон жана каражатты өлкөнүн керектүү долбоорлоруна жумшоону пландаган. Ошондой эле У.К. аттуу жаран КРдин президенттигине талапкерлердин биринин жубайы экенин айта кетели", — деп жазылган билдирмеде.
Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.
Сотко чейинки өндүрүш тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.