Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиевди жана Б. М. А. аттуу аткаруучу директорун кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, мекеменин аткаруучу директору Мирадил Бакашев.
УКМК билдиргендей, Коррупцияга каршы кызмат "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык схемаларды аныктаган.
"Мекеменин жооптуу адамдары мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурган учурда көмүскө киреше алуунун туруктуу схемасын түзүп, сатып алуудан, түзүлгөн келишимден пайда көрүп турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекеттик мекеменин башкы дирекциясы каржылык ресурстарды коромжу кылган фактылар да аныкталган.
"Башкы башкармалыктын товарларды жана материалдык баалуулуктарды сатып алууга каралган жылдык бюджети 2016-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта "Бишкек" ЭЭА Башкы дирекциясынын мамлекеттик бюджетке бөлгөн каражатын 2 пайыздан 0,02 пайызга чейин төмөндөтүү менен негизсиз ашыкча бааланган", — деп айтылат билдирмеде.
Чогултулган материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча катталган.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, Дүйшөн Ирсалиев ээлеген кызматынан октябрдын аягында бошотулган. Документке ошол кездеги өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.