Түндө АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу конгресс үйүнө кирип, полиция менен кагылышты.
АКШнын борборундагы башаламандыктын видеосу RT телеканалынын Youtube каналына жарыяланды.
Башаламандык 7-январга караган түнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен 03:30дарда башталган. Анда АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Капитолий имаратын басып кирип, кийинчерээк ал жакта атышуу болгон. Манифестанттар конгресс залына сенат жыйын өткөрөрдүн алдында кирип барышкан. Сенат анда президенттик шайлоонун жыйынтыгын карамак, бирок башаламандыктан улам аны токтотууга туура келгени маалым болду.
Тартип сакчылары көздөн жаш чыгарган газ жана кулак тундуруучу граната колдонуп, конгресс залын башаламандык уюштургандардан таңга жуук тазалаганы айтылды.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан төрт адам көз жумду. Учурда абал тынч экени кабарланып, конгресстин мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын бүгүн чыгарууну пландап жатканы кошумчаланды.