Вашингтондогу башаламандыктан 4 адам каза тапты. Капитолийди басып алган видео

7 января 2021 Вашингтондогу башаламандыктан 4 адам каза тапты. Капитолийди басып алган видео

7-январга караган түнү АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Капитолий имаратын басып кирип, полиция кызматкерлери менен кагышкан.

Вашингтондогу башаламандыктан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Белгилей кетсек, 7-январга караган түнү АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Капитолий имаратын басып кирип, полиция кызматкерлери менен кагылышуу болгон.

Тартип сакчылары көздөн жаш чыгарган газ жана кулак тундуруучу граната колдонушкан. Манифестанттар конгресс залына сенат жыйын өткөрөрдүн алдында кирип барышкан. Сенат анда президенттик шайлоонун жыйынтыгын карамак, бирок башаламандыктан улам аны токтотууга туура келген.

Видео

Кийинчерээк Трамп тарапташтарын таратууга аракет кылган. Анткен менен ага чейин өзү аларды конгресс залына барууга үгүттөгөнү айтылат.

Видео

Андан кийин Капитолийдин ичинде атышуулар болгону кабарланды.

Видео

Бишкек убактысы боюнча 04:53төр чамасында CNN телеканалы полиция имаратты башаламандык уюштургандардан тазалаганын билдирген.

​Конгресстин мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын бүгүн чыгарууну пландап жатканы кошумчаланды.

sputnik