Кыргызстандык спортчу кыз бул наам үчүн Аманда Нуньес, Жанг Вейли, Маккензи Дерн жана Аманда Рибас менен ат салышып жатат.
Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун 2020-жылдагы "Эң мыкты мушкер айым" наамына талапкер болууда. Сурамжылоону UFC Russia менен @Championat_com биргеликте уюштурган.
Кыргызстандык спортчу аталган наам үчүн Аманда Нуньес, Жанг Вейли, Маккензи Дерн жана Аманда Рибас менен ат салышууда.
Шевченко промоушендин кыз-келиндер дивизионундагы жеңил салмактын чемпиону болуп саналат. Ал жакында эле бразилиялык Женнифер Майяны утуп, төртүнчү ирет наамын коргоду.
UFC уюмунун 2020-жылдагы мыкты мушкер айымы сурамжылоонун жыйынтыгы менен 9-январда аныкталат.
Кыргызстандык Валентина Шевченкону колдогуңуз келсе, анда төмөнкү шилтемеге кирип, добуш берсеңиз болот.