БШК Садыр Жапаровго эскертүү бербей, уюштуруучуга чара көрүүнү чечти

6 января 2021 БШК Садыр Жапаровго эскертүү бербей, уюштуруучуга чара көрүүнү чечти

Буга чейин БШКнын жумушчу тобу театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу БШК мүчөлөрүнүн жыйынында чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, БШКнын үгүт иштерин көзөмөлдөгөн жумушчу тобу Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштаган.

Жыйында Жапаровго эскертүү берүүгө БШКнын беш мүчөсү макул болуп, калганы каршы добуш бергендиктен сунуш өтпөй калды.

Анын ордуна театрлаштырылган көрсөтмөнүн уюштуруучусун Тартип бузуу кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуш кылыш керек деген чечимди колдошту.

Буга чейин соцтармактарга Жети акенин кийимин кийген актёрлор Садыр Жапаровго бата берди делген сүрөт тараган.

Эске салсак, Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 1-беренесинин 10-пунктундагы 2-бөлүгүнө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежеси бир нече ирет бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

sputnik