Өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн элден акча чогултууну көздөп жатат

6 января 2021 Өкмөт республикалык бюджетти колдоо үчүн элден акча чогултууну көздөп жатат

Буга чейин Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн дагы эсеп ачылган. 24-декабрда андагы каражат 29 миллион сомго жеткени айтылган.

Кыргызстандын өкмөтү республикалык бюджетти колдоо максатында жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Андагы маалыматка караганда, токтомдун аткарылышын өкмөт аппаратынын Финансы жана кредит саясаты бөлүмү көзөмөлгө алат.

"Жалпы мамлекеттик эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында ачат. Ага жеке жана юридикалык жактар, Кыргызстандын резиденттери жана резидент эместер акча которо алат", — деп айтылат токтомдо.

Мындан сырткары, коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражат дагы бул эсепке салынары белгиленген.

Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсеп ачылган. Акыркы ирет, 24-декабрда, финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков эсепке түшкөн акчанын суммасы 29 миллион сомго жеткенин айткан.

sputnik