"Шайлоодон кийинки ызы-чууда качып кеткен министрдей болбойсуңарбы?" ИИМдин жообу

6 января 2021 "Шайлоодон кийинки ызы-чууда качып кеткен министрдей болбойсуңарбы?" ИИМдин жообу

ИИМ башчысынын орун басары саясий абалды курчутпоого күч менен каражат жетиштүү экенине ишендирген. Ошондой эле митингдер болсо күч менен кууп таратууга ниеттери жок экенин айткан.

ИИМ октябрдагы парламенттик шайлоодогудай башаламандыкты болтурбоого болгон аракетин жумшайт. Бул тууралуу министрликтин шайлоо алдындагы маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Журналист ИИМ башчысынын орун басарынан бул жолку шайлоодо "качып кеткен министрдикиндей (Кашкар Жунушалиев — ред.) окуялар кайталанбайбы?" деп сураган.

"Жок, андай болбойт", — деди Урмамбетов.

Мындан тышкары, саясий абалды курчутпоого министрликтин күчү жана каражаты жетиштүү экенине ишендирген. Ошондой эле митингдер болсо элди күч менен кууп таратууга ниет жок экенин айткан.

Ошол эле учурда ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов "сиздер менен кошо көрө жатарбыз" деп жооп берген.

Учурда өлкөдөгү абалды дестабилдештирүү аракетин көргөн саясий топтор аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

sputnik