Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 144 кишиден вирус чыкты. Соңку маалымат

6 января 2021 Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 144 кишиден вирус чыкты. Соңку маалымат

Кыргызстанда пандемиядан бери расмий түрдө 81 656 адамдан коронавирус аныкталган. Анын тең жарымынан көбү ооруну жеңди.

Кыргызстанда өткөн суткада 144 кишиден коронавирус табылды, ал эми 215 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Соңку сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 60;

Ош — 5;

Чүй облусу — 30;

Ош облусу — 10;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 22;

Жалал-Абад облусу — 11;

Баткен облусу — 2.

Кыргызстанда пандемиядан бери расмий түрдө 81 656 адамдан коронавирус аныкталган.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек — 65;

Ош шаары — 6;

Чүй облусу — 60;

Ош облусу — 20;

Талас облусу — 9;

Нарын облусу — 8;

Ысык-Көл облусу — 34;

Жалал-Абад облусу — 10;

Баткен облусу — 3;

Ушуну менен жугуштуу ооруну жеңгендердин саны 77 170ке жетти.

Тилекке каршы, сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап көз жумган. Жалпысынан вирус 1 361 адамдын өмүрүн алды.

Ал эми стационарда 912 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 624ү орточо, 224ү оор жана 54ү өтө оор абалда.

sputnik