Өмүрдү узарта турчу азыктар аталды

6 января 2021 Өмүрдү узарта турчу азыктар аталды

Медиктер санаган жашылчалар залалдуу шишиктин пайда болуу коркунучун азайтып, эрте өлүмдү алдын алышы ыктымал.

АКШдагы Кливленд клиникасынын медиктери организм үчүн пайдалуу жана өмүрдү узартууга жардам берген азыктарды аташкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, капустанын түрлөрү организмдеги зыян заттарды тазалап чыгуу жөндөмүнө ээ. Эгер бул азыктарды тынбай жеп турса, организм өзүнөн-өзү тазаланып калат.

Медиктер белгилегендей, брокколи, брюссель капустасы, мангольд (кызылчанын жалбырагына окшош өсүмдүк), васаби, брюква пайдалуу азыктардын катарын толуктайт.

Аталган жашылчалар залалдуу шишиктин пайда болуу коркунучун азайтып, эрте өлүмдү алдын алышы ыктымал.

Натыйжа жакшы болуш үчүн адистер мындай жашылчадан күнүнө беш порциядан жеп турууну сунушташкан.

sputnik