Шайлоого аз калды, тизмеде бар-жогуңузду текшерип алыңыз

6 января 2021 Шайлоого аз калды, тизмеде бар-жогуңузду текшерип алыңыз

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Республикада добуш берүүгө жашы жеткен ар бир жаран катыша алат.

Кыргызстанда 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоого карата жарандар өздөрүн tizme.gov.kg порталындагы шайлоочулардын тизмесинен текшере алат.

Мындан тышкары, жарандар добуш бере алар-албастыгын шайлоо участогуна барып, 119 номери аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Сall-борборуна чалып же 119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп СМС жөнөтүү аркылуу биле алышат.

2-январга карата тизме боюнча шайлоочулардын саны 3 563 574кө жетти. Алардын 1 703 097си эркек болсо, 1 860 477си аял киши.

sputnik