Ишкер кымырган акчасын эки эселеп кайтарса жазадан кутулат. Мыйзам күчүнө кирди

6 января 2021 Ишкер кымырган акчасын эки эселеп кайтарса жазадан кутулат. Мыйзам күчүнө кирди

Мунапысты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов "Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам узаган жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ага ылайык, эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү каралууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт.

Мыйзамдын максаты — көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу менен экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу. Айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыштар үчүн материалдык зыянды өз ыктыяры менен жабууга түрткү берүү.

Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.

sputnik