Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигин тапшырып, кайра Мамашова шайланды

5 января 2021 Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигин тапшырып, кайра Мамашова шайланды

Мамашова ушуну менен фракция лидерлигине экинчи ирет шайланып жатат. Бул орунга алгачкы ирет 2019-жылдын декабрь айында дагы бекитилген.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракция жетекчилигин өз ыктыяры менен тапшырып берди. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-январда, "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйыны болгон. Текебаев ордун бошоткондон кийин, фракция лидери болуп Айсулуу Мамашова шайланган. Ал эми анын биринчи орун басарлыгына Наталия Никитенко бекитилди.

Белгилей кетсек, Мамашова ушуну менен фракция лидерлигине экинчи ирет шайланып жатат. Бул орунга алгачкы ирет 2019-жылдын декабрь айында дайындалып, кайра узаган жылдын октябрь айында Текебаев мандат алгандан кийин өткөрүп берген эле.

sputnik