Денесинин 82%ы күйгөн. Таластагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

5 января 2021 Денесинин 82%ы күйгөн. Таластагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Өрттөн жабыркагандардын экөө облустагы биргелешкен ооруканада, сегиз бейтап Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Алардын арасында жаш бала бар.

Саламаттык сактоо министрлиги Талас облусундагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, учурда 10 адам облустук биргелешкен ооруканасында жана Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Жабыркагандардын бири жаш бала. Ал эми бир бейтап үй шартында дарыланууга жиберилген.

Кара-Буура аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандар:

32 жаштагы К.к.Б. денесинин 82 пайызы күйүп калган, абалы өтө оор;

29 жаштагы С.у.А. денесинин 32 пайызын күйүк алган, абалы орто оор;

29 жаштагы Т.Ч. денесинин 36 пайызын күйүк алган, абалы орто оор.

Калган беш жабырлануучу ар кандай деңгээлдеги күйүк менен Кара-Буурадагы оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер алардын саламаттыгын орточо туруктуу деп баалашууда.

Эки жабырлануучу Талас облустук биргелешкен ооруканасына которулуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Алар:

40 жаштагы К.С., денесинин 40 пайызга жакынын күйүк алган, абалы оор деп бааланууда;

41 жаштагы К.З., денесинин 45-48 пайызын күйүк алган, абалы оор деп бааланууда.  Бейтаптар үчүн дары-дармек жетиштүү экени айтылды.

Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда 4-январь күнү газ баллон жарылып, өрт чыккан. Кырсыктын келип чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.

sputnik