Атасы дүйнөнү кыдырган. Төрт премьерге кеңешчи болгон Новиков тууралуу 11 факты

5 января 2021 Атасы дүйнөнү кыдырган. Төрт премьерге кеңешчи болгон Новиков тууралуу 11 факты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков 30 жашында экономика министри болуп дайындалып, бейнеси көпчүлүктү кызыктырган.

Эми минтип үч айдан бери өлкөдөгү эң бийик кызматтардын бирин аркалап, кези келгенде кыргызча сүйлөй коюп, соцтармактагы талкууларга себеп болууда.

Мындын улам Sputnik агенттиги Новиков тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Туулган жери, курагы, билими

Артем Новиков Бишкекте туулуп-өскөн. 13-январь күнү 34 жашка толот. Балтика мамлекеттик техникалык университетин экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган.

Атасы — кеме капитаны, энеси — машыктыруучу

Жергиликтүү ЖМКлардын бирине курган маегинде ата-энеси тууралуу айтып берген. Атасы кеме капитаны болгондуктан кыдырбаган жери калбаптыр. Бирок уулу Артем төрөлгөндөн кийин жумуш ордун которгон. Кийин көп жылдар бою Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, ишкерлик кылган. Апасы гимнастика боюнча машыктыруучу. 

Артем Новиков 1987-жылы Бишкек шаарында туулган. Балтика мамлекеттик техникалык университетин экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган.

Банкир болууну кыялданчу

Кичине кезинен эле эсеп-чотко кызыгып, банк системасында иштөөнү кыялданган. Математика сабагын абдан жакшы көргөн. Албетте, азыр деле ал тармактан алыс эмес, бирок банкир болуу кыялына жеткен жок.

Эң жаш министр

2017-жылдын август айында экономика министри болуп дайындалган. Ошол учурда ал болгону 30 жашта эле. Новиков бул кызматты бир жылдай гана аркалады. 

Министр кезинде эки ирет сөгүш алган

Ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Новиковго бир эмес, эки жолу нааразы болгон. Биринчи жолу "ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, экинчи жолу мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткарууда жетишсиз иши үчүн катуу сөгүш жарыялаган. 

Новиков Кыргызстандын төрт премьер-министрине — Өмүрбек Бабановго, Жоомарт Оторбаевге, Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Кубатбек Бороновго кеңешчи болгон

Спортко убактысы калбай...

Бала кезинен баскетболго кызыгып, ойноп жүргөнүн айтат. Бирок кийин чуркоого өткөн. Эмнегедир эртең менен чуркоону жактырбайт, андан көрө кечкисин стадиондо музыка угуп чуркаганды туура көрөт. Бирок вице-премьерликке келген акыркы үч айдан бери андай нерселерге такыр убакыт жетпей жүргөнүн айтат.

Президент болуу амбициясы жок

Балким азырынча ушундайдыр, аны убакыт көрсөтөт деңизчи. Бирок октябрь айынын аягында президент болуу амбициясы жок экенин айтты. Тагыраагы, ошол кездеги премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоого аттанар алдында коомчулукта анын ордуна ким келет деген суроо пайда болгон. Шарт боюнча Жапаровдун орун басары катары биринчи вице-премьер барышы керек эле. Журналисттер Новиковго Sputnik агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда президенттин милдетин аткарууга ниети бар-жогу тууралуу суроо беришкен. Анда ал: "Ачыгын айтсам, менде президенттин милдетин аткаруучулукка чейин барууга саясий амбициям жок. Учурда менин алдымда финансы-экономикалык тармакта бир топ тапшырмалар турат", — деп жооп берген.

Башка улуттагы үчүнчү өкмөт башчы

Новиков премьер-министрдин милдетин гана аткарып жаткандыктан, албетте толук кандуу өкмөт башчы деп атай албайбыз. Бирок ал эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мынчалык бийик кызматка жете алган башка улуттагы үчүнчү гана адам. Ага чейин кыргыз өкмөтүн Николай Танаев (2002-2005-жылдары) менен Игорь Чудинов (2007-2009-жылдары) башкарган. 

Төрт премьерге кеңешчи болгон

Эң алгачкы жолу 2011-жылы 24 жашында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановго кеңешчи болгон. Кийин ушул эле милдетин Жоомарт Оторбаев (2014—2015), Мухаммедкалый Абылгазиев (2020) жана Кубатбек Боронов (2020) өкмөт башында турганда аткарып келген. Мындан тышкары, 2015-2017-жылдары вице-премьерлерге жардамчы катары иштеп, министрлер менен алардын орун басарларына консультация берип турган.

Министрликтин акчасына кыргыз тилин окуган

Көпчүлүккө анын анча жакшы билбесе дагы айрым расмий иш-чараларда кыргызча учурашып, кээ бир кайрылууларын кыргызча сүйлөгөнү жагат. Кыргыз тилин Новиков 2018-жылы экономика министри болуп турган кезде үйрөнө баштаган. Анда министрлик өз кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү үчүн тендер жарыялап, үч ай бою Новиков баш болгон ведомство өкүлдөрү кыргызча үйрөнүшкөн.

Маектеринин биринде вице-премьер кыргыз тилин бала кезден үйрөнүү маанилүү экенин, бирок мектептерде аны окутуу ыкмасы бир аз татаал болуп жатканына токтолгон.

"Кызым 1-класстан бери кыргыз тилин окуп келе жатат. Анын сабагын карап отуруп, биздин мектептерде башка тилде сүйлөгөн балдарга кыргыз тилин үйрөтүү методун өзгөртүү керек экен деп ойлодум. Азыр үйрөтүү ыкмасы бир аз татаалыраак. Жеке өзүм тууралуу айтсам, кыргызча сүйлөп жатканда бир нерсени туура эмес айтып алуудан корком. Ошондуктан сөзүмдүн маанилүү жерлерин расмий тилде айтууга аргасызмын. Негизи күн сайын эки сааттан окуса, 3-6 айдын ичинде эркин сүйлөп калса болот", — деди Новиков.

Ошондой эле ал Кыргызстандын бардык жарандары мамлекеттик тилди билүүсү керек деп эсептейт.

Баса, Жаңы жыл алдында Новиков кыргызстандыктарды кыргыз тилинде дагы куттуктаган.

Жубайы

Артем Новиков жеке турмушун жарыялай берүүнү жактырбаганын мындан билсе болот, ЖМКларда анын жубайы тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Маектери учурунда деле көп айта бербейт. Бирок жубайын коомчулук алгачкы жолу 12-декабрда, Улуттук адабият күнүнө карата, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барганда көрдү. Көп өтпөй түгөйлөрдү Бишкектеги кафелердин биринде кечки тамакка барган жеринен сүрөткө тартып алышкан. 

sputnik