Каникул учурунда балдар үчүн өтө турчу иш-чаралар. Тизме

5 января 2021 Каникул учурунда балдар үчүн өтө турчу иш-чаралар. Тизме

Балдар жана өспүрүмдөр 4-январдан 13-январга чейин "Диалог", "Жаштык" маданият үйлөрүнө барып концерт көрүп, интеллектуалдык оюн, мастер-класстарга катыша алат.

Бишкекте 4-январдан 13-январга чейин балдар жана өспүрүрүмдөр үчүн көңүл ачуу жана таанып-билүүгө арналган иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабрлады.

Ага ылайык, балдар үчүн иш-чаралар "Диалог" жана "Жаштык" маданият борборлорунда уюштурулат.

Иш-чаралардын графиги:

5-январь саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында "Жылдыздар менен ырдайбыз" аттуу концерт болот;

5-январь күнү "Жаштык" жаштар үйүндө "Жаңы жыл Жер жүзүн кыдырып жүрөт" аттуу интеллектуалдык викторина өтөт;

6-январь саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында №2 орто мектебинин окуучулары даярдаган Рождество майрамына карата кайрымдуулук концерти болот;

8-январь күнү саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн чоң залында балдар жана жаштар үчүн "КРдин Эл артисти Л. Любомудрова менен кеп маданияты", "Комузда жана гитарада ойноо", "Лего менен ойнойбуз", "Инстаграм кыялына 5 кадам" аттуу мастер-класстар уюштурулат;

9-январь күнү саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында жаңы жылдык мультфильмдер боюнча квест өтөт;

Ушул эле күнү "Жаштык" жаштар үйүндө "Жаңы жылдык ниндзя" аттуу иш-чара болот;

10-январь күнү саат 9:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында "Жаңы жылдык балатынын алдындагы бала бакча" аттуу жаштар челленжи өтөт;

11-январь күнү "Жаштык" жаштар борборунда "Бирге ырдайбыз" аттуу караоке сынагы уюштурулат;

12-январь күнү саат 15:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында живопись, видеосъемка жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулат.

13-январь күнү "Жаштык" жаштар үйүндө "Спорттук үй-бүлө" аттуу иш-чара болот.

Мындан сырткары, мэриядан улгайган адамдар үчүн 5-12-январга чейин Биринчи май жана Ленин райондук карылар үйлөрүндө "Достук үнү" этнофольклордук ансамбли концерт кое турганын кошумчалашты.

sputnik