Холестерин жогорулап кеткенде кан тамырлар бүтөлүп, анын кесепетинен кан уюп, өлүмгө чейин алып барышы ыктымал. Нормалдуу санда клеткалардын чел кабыгын пайда кылуу үчүн керек.
Адистер "жаман" холестериндин деңгээлин азайта турчу тамак-аш кошулмаларын атап бергенин РИА Новости жазды.
Эксперттердин пикиринде, магнийди күн сайын ичүү организмдеги "жаман" холестериндин деңгээлин гана төмөндөтпөстөн, "жакшы" холестеринди жогорулатат. Бул минерал кан басымы менен кандагы кантты жөнгө салуу үчүн да керек.
Ошондой эле көк чайдын экстракты жүрөк оорусу тобокелдерин азайтууга жардам берет. Анда антиоксидантка, бактерияга, вируска жана ракка каршы касиетке ээ полифенолдор бар экени белгиленет.
Мындан тышкары, кандагы холестеринди азайтууга зыгырдын уругу жана майы, артишок жана клетчатка жардам берет.
Холестерин — адамдын организминдеги зат алмашуу процесстерине керектүү липиддик зат. Ал клеткалардын чел кабыгын пайда кылат.
Холестерин жогорулап кеткенде кан тамырлар бүтөлүп, анын кесепетинен кан уюп, өлүмгө чейин алып барышы ыктымал.
"Жаман" холестериндин деңгээлин жогорулатуучу факторлордун катарына тамеки тартуу, ашыкча салмак, аз кыймылдоо жана туура эмес тамактануу кирет.
"Жаман" холестеринди азайтам дегендер спорт менен алектенип, тамеки, ичимдиктерден баш тартып, малдын майын азыраак колдонуп, клетчаткага, минералга жана микроэлементтерге бай тамактарды көп жеши керек.