Чүйдө 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп, милиция издеп жатат

4 января 2021 Чүйдө 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголуп, милиция издеп жатат

Дайыны чыкпай жаткан кыз үйдөн чыгып кеткенде ак курткачан, кара түстөгү шымчан болгон. Бутуна кара түстөгү чокой кийген.

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГУВД ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Маматова изделип жатат

2020-жылдын 2-декабрында Маматова Новопавловка айылындагы Кудайберген көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, кой көз. Үстүнө ак түстөгү күрмө, кара шым, кара чокой кийип жүргөн.

Кызды көргөн билгендер болсо 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 номерлерине кабарлай алышат.

sputnik