Кеминдик жигитти жаңы жыл түнү поезд коюп кетип, эки бутунан ажырады

4 января 2021 Кеминдик жигитти жаңы жыл түнү поезд коюп кетип, эки бутунан ажырады

Маалыматтарга караганда, жаран башка адамды куткарам деп өзү поезд алдында калган. Туугандары донор издеп жатышат.

Кыргызстандык Тилек Жумабековду жаңы жыл түнү поезд коюп кетип, натыйжада ал эки бутунан айрылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине анын тууганы Диляра Жакыпжанова билдирди.

Каргашалуу окуя Кеминде болгон.

"Саат 23:55тер чамасында ага апасы телефон чалып, каякта жүргөнүн сураган. Тилек жакында келерин айткан, бирок кийин аны поезд коюп кеткенин билдик. Кабарды укканыбызда аны Кеминдин ооруканасына алып кетишиптир. Окуя кандайча болгону белгисиз. Кайсы бир киши Тилек бир адамды куткарып калганын айтыптыр, бирок ал күбөнү таппай жатабыз", - деди Жакыпжанова.

Жабырлануучу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун реанимация бөлүмүнө (4-шаардык оорукана) жаткырылган. Учурда туугандары донор издеп жатышат. Жардам бергиси келгендер Кан борборуна (Айтматов проспекти, 60, Айни көчөсү менен кесилишет) барып Тилек Жумабековдун атына кан тапшыра алышат. Маалым катты сүрөткө тартып (0500) 01-44-49 жана (0709) 200-772 номерлерине жөнөтүүгө болот.

Окуя тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева да жазды. Анын айтымына караганда, Тилек рельсте турган кишини түртүп ийип куткарып калган.



sputnik