Ташиевдин уулун испаниялык футбол клуб Ла Лига оюнун көрүп кетүүгө чакырды

4 января 2021 Ташиевдин уулун испаниялык футбол клуб Ла Лига оюнун көрүп кетүүгө чакырды

УКМК төрагасы уулу Испания чемпиондугунун Жогорку лигасында ойногон алгачкы кыргыз футболчусу болоруна ишеним арткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын Ла Лигасында ойной турган "Леванте" футбол клубунун беттешин көрүүгө чакыруу алды. Бул тууралуу футболчунун атасы өзү Facebook баракчасына жазды.

Ташиев уулу Испания чемпиондугунун жогорку лигасында ойногон алгачкы кыргыз футболчусу болоруна ишеним арткан.

"Кичүү балам Эмир-Хан "Паоло Росси" академиясында 1,5 жыл окуган, кийин Италия "Б" сериясында "Перуджа" командасы менен жарым жыл ойноду. Эми аны "Леванте" футбол клубу оюнду көрүп кетүүгө чакырып жатат. Чет өлкөгө биринчи жолу менсиз чыгат", — деп жазган УКМК төрагасы.

"Леванте" — 1909-жылы негизделген Валенсия шаарындагы профессионалдуу футбол клубу. Өткөн сезондо команда Испания чемпионтанда 12-орунду алган.

Ла Лига — Испаниянын футбол боюнча чемпионатынын Жогорку лигасы, ал дүйнөдөгү күчтүү лигалардын бири болуп саналат.

sputnik