Шаардык сот Атамбаевди абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды

4 января 2021 Шаардык сот Атамбаевди абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды

Мурдагы президенттин жактоочусу Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап №47 абакка которулганын айтты.

Бүгүн, 4-январда, Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу Батукаев боюнча Атамбаевге чыккан өкүм жокко чыккандан кийин ал үй камагына чыгышы керектигин айтат.

"7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочулардын катышуусуз Атамбаевди УКМКнын абагында кармоо боюнча чечим чыгарган. Биз райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанганбыз. Бирок бүгүн шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду", — деди Жоошев.

Жактоочу, ошондой эле, Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап №47 абакка которулганын кошумчалады.

sputnik