Ванганын 2021-жылга карата жүрөк үшүн алган божомолу белгилүү болду

30 декабря 2020 Ванганын 2021-жылга карата жүрөк үшүн алган божомолу белгилүү болду

Айтылуу көзү ачык 1996-жылы 85 жаш курагында каза болду. Бирок өзүнөн кийинки дээрлик ар бир жылдын кандай болорун айтып кеткен.

Британиялык ЖМКлар Жаңы жыл алдында болгариялык белгилүү көзү ачык Ванганын 2021-жылга карата эмне дегенин ачыкташты.

Ванганын айтымында, 2021-жылы адамзатты "чоң апааттар" күтүп турат, бирок ошол эле учурда окумуштуулар рактан дарылаган дармекти ойлоп табышат.

"Рак темир чынжыр менен тушалуучу күн келет", — деген көзү ачык.

Анын божомолунда үч "гигант" бириккен 2021-жылы аалам ири катастрофалардан жапа чегет.

The Daily Express гезити Ванга дүйнөнү өзүнө каратып алчу "күчтүү ажыдаар" тууралуу да айтканын жазган, бирок сөз ким же эмне жөнүндө болуп жатканы белгисиз. Айрымдар "ажыдаарды" таасири катуулай турган Кытай деп боолголошууда.

Айтылуу көзү ачык 1996-жылы 85 жаш курагында каза болду. Бирок өзүнөн кийинки дээрлик ар бир жылдын, 5079-жылга чейин, кандай болорун айтып кеткен.

sputnik