Сооронбай Жээнбеков өзүнүн коомдук фондун түздү

30 декабря 2020 Сооронбай Жээнбеков өзүнүн коомдук фондун түздү

Экс-президенттин фонду декабрь айынын башында каттоодон өткөн. Ал бир катар демилгелерди колдоо менен өлкө үчүн пайдалуу иштерди жүргүзүүнү пландап жатканы айтылат.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу анын Facebook тармагындагы расмий баракчасында жазылды.

Коомдук фонд юстиция органдарында декабрь айынын башында катталган.

"Фонддун негизги максаты — коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо болуп саналат", — деп жазган Жээнбеков.

Фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу башка иштерди дагы жүргүзүүгө багыттала турганы кошумчаланды.

sputnik