Бишкекте коомдук транспорттун графиги эки күнгө өзгөрөт

30 декабря 2020 Бишкекте коомдук транспорттун графиги эки күнгө өзгөрөт

Мэриянын маалымат кызматы автобус, троллейбустардын графиги Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу өзгөрүлгөнүн белгиледи.

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу коомдук транспорттун графиги 31-декабрь жана 1-январда бир аз өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

31-декабрь күнү №2, №4, №7, №8, №10, №14 троллейбус жана автобус, маршруткалар 6:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

1-январда автобус менен троллейбустар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми маршруткалардын 0:00гө чейин элге кызмат кылары айтылды.

Эгерде коомдук транспорт боюнча маселе жаралса, шаардыктар төмөнкү номерлерге чалса болот:

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршрутка боюнча) — 0 (312) 533 648 (диспетчерлик кызмат), 0550143637;

"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу" ишканасы, автобустардын ишин карайт — 0 (312) 534 824 (диспетчерлик кызмат), 0553 022 753;

Бишкек троллейбус башкармалыгы — 0 (312) 635 199 (диспетчерлик кызмат), 0700411905.

sputnik