Вице-премьер үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү түрдө кароо зарыл экенин белгилеген.
Мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек. Бул туурасында социалдык блокту тескеген вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөттө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү кароо зарыл экенин белгилеген.
"Ошол эле учурда мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү зарыл. Жаш муун туура маалымат алуусу абзел. Интернет айдыңында маалыматтарды ылгап көрсөтүү мүмкүн болбогондуктан, 15 жаштагы өспүрүм порнографиялык материалдарды ачык эле көрө алат. Ушул маселени чечүү керек", — деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал интернет баарына тегиз жеткиликтүү болгондуктан ишенимсиз булактардан ар кандай багыттагы маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.