Аралыктан окуган балдардын көрүүсү эрте начарлайт. Эмне кылуу керек

30 декабря 2020 Аралыктан окуган балдардын көрүүсү эрте начарлайт. Эмне кылуу керек

Вэньчжоу медициналык университетинин кызматкерлери былтыркы жана быйылкы текшерүүнүн жыйынтыгын салыштырган.

Аралыктан окуган балдардын көзүнүн көрүшү болжол менен 1,5 эсе тезирээк начарлайт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Кытай окумуштууларына таянуу менен жазды.

Вэньчжоу медициналык университетинин кызматкерлери 10 жылдан бери ар алты ай сайын кароодон өткөрчү долбоордун алкагында миллиондон ашуун окуучунун көзүнүн көрүүсүн текшерген. Окумуштуулар 2019-жылдын июнь-декабрь айындагы жана быйылкы январь-июндагы маалыматтарды салыштырган. Натыйжада карантин шартында окугандардын алысты көрүүсү (миопия) болжол менен бир жарым эсеге начарлап кеткени аныкталган.

Мындан сырткары, 1-6-класстын окуучулары көзүнүн көрүүсү боюнча башка дагы чоң көйгөйлөргө тушугары айтылат.

Офтальмологдордун айтымында, адамдын оптикалык системасы алты жашка чейин жакшырып, ал эми болжол менен 10-12 жашында толугу менен калыптанат. Адам алысты караганда көз өз калыбында тынч эс алат. Ал эми балдар карантинде убактысынын 90 пайызын экран алдында өткөрүшү көрүүнүн начарлоосуна түздөн-түз таасир этүүдө.

Ошондуктан тобокелчиликтерди азайтуу үчүн окулисттер окуу учурунда компьютерден бир саамга оолактап алысты карап турууга кеңеш берет. Ал эми окуу бүткөндөн кийин телефон, планшетти такыр колдонбоо керектигин айтат. Жадагалса телевизор көрүүдөн баш тартып, китеп окуунун убактысын чектеш керек. Анын ордуна балдарды көчөгө чыгып ойношуна шарт түзүүнү сунуштайт.

sputnik