Кафенин администрациясына жана кызматкерлерине карата үч протокол түзүлдү. Уулангандар ооруканадан жакынкы күндөрү чыгат.
Сокулукта тамак-ашка массалык уулангандардын 16сы ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Улукбек Бектурганов билдирди.
Буга чейин Чүй облустук ИИББ 24-декабрь күнү кафелердин биринде үлпөт тойдо коноктор ууланганын билдирген. Жарандар эмне жеп ууланганы жана алардын саны канча экени белгисиз болчу. Кылмыш иш козголуп, Сокулук райондук санитардык-эпидемиологиялык борборуна кат жолдонгон.
Бектургановдун айтымында, ууландым деп 70 киши кайрылып, алардын 16сы ооруканага жаткырылган. Сегизи Бишкекте дарыланып жатса, жарымы Чүй облустук ооруканасында жатат.
Дарыгер бейтаптардын абалы канааттандырарлык экенин, эртең же бүрсүгүнү ооруканадан чыгары пландалып жатканын билдирди. Болжолдуу маалымат боюнча, коноктор тоок этине ууланган.
"Тойго келгендер тамактан үйүнө да ала кетип, жакындарына беришкен. Анткени кайрылгандардын бардыгы коноктор эмес", — деди Бектурганов.
Санэпидем борборунун жетекчиси кафенин администрациясына жана кызматкерлерине КРдин Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси ("Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу") боюнча үч протокол түзүлгөндүгүн кошумчалады. Бул мыйзамды бузууда 7500 сом айып пул каралган.
Так диагнозу жана уулануунун себептери кийинчерээк белгилүү болору кошумчаланды.