Онколог рак оорусун пайда кылган сулуулук процедураларын атады

30 декабря 2020 Онколог рак оорусун пайда кылган сулуулук процедураларын атады

Сулуулукка жана кемчиликсиз териге умтулуу өлүмгө алып келүүчү ооруларга алып барышы мүмкүн.

Онколог, химиотерапевт Андрей Базылов кандай сулуулук процедуралары коркунучтуу натыйжа берери тууралуу айтты.

Ал белгилүү шампундарда, ваннада колдонуучу каржаттарда жана көптөгөн косметикалык препараттарда болгон канцерогендик диоксанды залалдуу шишиктин козгогучтарынын бири катары атады.

Кийинки потенциалдуу кооптуу процедура - чач боёо. Бул боёктун курамындагы заттарга байланыштуу. Анда беш миңден ашык түрдүү химиялык заттар болушу мүмкүн. Чачты түздөө да залалдуу шишик менен аяктайт. Бул кардарларга караганда чачтарачтар үчүн абдан кооптуу. Аталган процедурага арналган препараттардын курамында формальдегид бар, ошондуктан чачты айына сезиз жолудан көп түздөтүүгө болбойт.

Ультрафиолет тырмак лампасын көп колдонуу да теринин рак оорусун пайда кылат.

Популярдуу ботулинотерапия (же ботокс инъекциясы), онкологдун айтымында, бул жагынан коопсуз.