UFC Хабибдин октагонго кайтышы үчүн мыкты шарттарды сунуштап жатат

29 декабря 2020 UFC Хабибдин октагонго кайтышы үчүн мыкты шарттарды сунуштап жатат

Хабиб Нурмагомедовдун айтымында, промоушен анын кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатат.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов "Матч ТВ" телеканалына маек берип жатып октагонго кайтышы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, промоушен анын кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатат.

"UFC жетекчиси менен байланыштабыз. Ал менин октагонго кайтышымды каалап жатат. Мен аларды жакшы түшүнөм. Тогуз жыл рингде жүрдүм, жеңилген жокмун, өз фанаттарым бар. Азыр улам жаңы атаандаштарды сунуштап жатышат. Бирок мени таң калтырып, кызыктыра элек. Сунуштай турган укмуш деле кишиси жок", — деди Нурмагомедов.

Ошондой эле ал январда UFC президенти Дана Уайт менен жолугарын, бирок уюмга кайтууга көңүлү жок экенин айтты.

Октябрда ал америкалык Жастин Гэтжинин утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.

Мушкер профессионалдык карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарын жеңген. Анын 13үнө дүйнөдөгү эң абройлуу UFC промоушенинде жетишкен.

sputnik